Абылгазиев бүгүн иш сапары менен Ош облусуна барат
Поделиться в:
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-bgn-ish-sapary-menen-osh-oblusuna-barat
Добавить комментарий ×