Абактан качууга аракеттенген кылмышкерди ок атып токтотуп калышты

17 октября 2019 22:36 564 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №1 түзөтүү жайында абактан качууга аракет кылган кылмышкер атылды. Ага эки ок тийип, натыйжада колго түштү.

Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

17-октябрь күнү эртең менен С.А. аттуу 29 жаштагы 19 жылга эркинен ажыратылган кылмышкер абактан качууга аракет жасаган.

Күзөттө турган аскер кызматкери куралдан ок чыгарган. Натыйжада кылмышкерге эки ок тийип, жаракат алып, колго түшкөн. Дароо жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалы канааттандырарлык.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Түзөтүү жайдын ыкчам тобу иликтөө ишин жүргүзүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/abaktan-kachuuga-arakettengen-kylmyshkerdi-ok-atyp-toktotup-kalyshty



Добавить комментарий