67 жаштагы Эмомали Рахмон кайрадан президенттик шайлоого ат салышат
Тажикстанды 1994-жылдан тарта башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин кайрадан көрсөттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон азыр 67 жашта. Ал 1994-жылдан бери президенттик тактыда отурат. Беш жолу шайлоого талапкерлигин коюп, баарында жеңип чыккан.
Аталган өлкөнүн азыркы башчысынан тышкары дагы төрт адам президенттикке талапкерлигин койгон:
Рустам Латифзода – Агрардык партиясынан
Абдухалим Гаффоров – Социалисттик партиясынан
Саиджафар Усмонзода – Демократиялык партиясынан
Рустам Рахматзода – Экономикалык реформалар партиясынан
Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Анда азыр жалпы 5 талапкер президенттик үчүн ат салышканы турат. Тажикстанда президент 7 жылга шайланат.
Ссылка: https://barometr.kg/67-zhashtagy-emomali-rahmon-kajradan-prezidenttik-shajloogo-salyshat
Добавить комментарий ×