6-октябрь: Көпчүлүк аймактарда кар жаап, үшүк жүрөт

6 октября 2021 09:16 872 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 6-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, тактап айтканда Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад областтарында жамгыр жаап, арты карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл областтарында жаан-чачын катуу жаайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй областы: 

түнкүсүн +1…+6, айрым жерлерде 0..-2 градус болупа үшүк жүрөт.

күндүз +3…+8

Талас областы:

түнкүсүн +1…+6, айрым жерлерде -2...-4 градус суук болуп үшүк жүрөт

күндүз +2…+7

Баткен областы:

түнкүсүн +3…+8

күндүз +13…+18

Ош жана Жалал-Абад областтары:

түнкүсүн +3…+8

күндүз +13…+18

Ысык-Көл областы: 

түнкүсүн +0…+5

күндүз +6…+11

Нарын областы

түнкүсүн +0…+5, айрым жерлерде -2...-4 градус суук болуп үшүк жүрөт

күндүз +8…+13

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт. Абанын түнкү температурасы 0…+2°, күндүз +5…+7° градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/6-oktyabr-kpchlk-ajmaktarda-kar-zhaap-shk-zhrt



Добавить комментарий