2-октябрь: Жаан-чачындын арты карга айланат
Кыргызстандын түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл областтарында жаан-чачын катуу жаап,тоолуу райондордо жаан-чачындын арты карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй областы
түнкүсүн +1…+6
күндүз +5…+10
Талас областы
түнкүсүн 0…+5
күндүз +4…+9
Баткен областы
түнкүсүн +7…+12
күндүз +12…+17
Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +12…+17
Ысык-Көл областы
түнкүсүн +2…+7
күндүз +7…+12
Нарын областы
түнкүсүн +1…+6
күндүз +7…+12
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +3…+5, эң жогору температурасы күндүз +8…+10 градус болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/2-oktyabr-zhaan-chachyndyn-arty-karga-ajlanat
Добавить комментарий ×