Жума аягына чейин кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт

4 март 2020 10:07 879 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-марттан 7-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

5-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө  -2…-7° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -4…-9° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4° сууктан +1° жылуулукка чейин,  күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо  түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/5-martynan-7-martyna-chejin-kyrgyzstanda-zhaan-chachyn-bolot



Добавить комментарий