5 күндөн бери табылбай жатат. Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө уланууда

22 июля 2022 11:19 904 Barometr
Поделиться в:
ok

Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштерине 41 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 22-июль таңкы саат 6:00дон тарта наристени издөө иши башталды.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 18-июль күнү саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.

"Учурда издөө иштерин улантууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысы, Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн  6 куткаруучу, Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 4, Пресс борбордун башчысы, жергиликтүү тургундардан 10 адам, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 20 куткаруучу, кошумча Суучулдар кызматынан 5  суучул, жалпы 41 куткаруучу тартылган.

Издөөнун эрежесине ылайык, алгач суу үстүнөн, жээктерден андан соң көлдун түбүнөн суучулдар издешет. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/5-kndn-beri-tabylbaj-zhatat-ysyk-klg-chgp-ketken-4-zhashar-kyzdy-izd-ulanuuda



Добавить комментарий