4,5 айдан бери дайынсыз болгон Гүльмира Кадырованы издеп жатышат
Поделиться в:
Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 1985-жылы туулган дайынсыз жоголгон Гүльмира Кадырованы издеп жатат. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аял Сокулук айылындагы Калинин көчөсүндө жашап турган.15-майда үйүнөн чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 168 см, дене түзүлүшү орто, кара чачтуу, көздөрү күрөң.
Милициядан аял тууралуу маалыматты билгендер болсо 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86 14 86, 0 (709) 35-35-29 номерлерине кабарлоону өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/45-ajdan-beri-dajynsyz-bolgon-glmira-kadyrovany-izdep-zhatyshat
Добавить комментарий ×