4-октябрь: Кыргызстанда жамгыр жана кар жаайт
4-октбярда Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк областтарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда жамгыр, Ош жана Жалал-Абад областарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош жана Жалал-Абад, Талас областтарынын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй областы
түнкүсүн +1…+6
күндүз +7…+12
Талас областы
түнкүсүн 0…+5
күндүз +6…+11
Баткен областы
түнкүсүн +6…+11
күндүз +15…+20
Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн +6…+11
күндүз +15…+20
Ысык-Көл областы
түнкүсүн +0…+5
күндүз +9…+14
Нарын областы
түнкүсүн +0…+5
күндүз +10…+15
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +10…+12 градус болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/4-oktyabr-kyrgyzstanda-zhamgyr-zhana-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×