32 жаштагы Евстифеева Елена изделүүдө. Ал бир айдан бери дайынсыз

28 января 2019 12:09 961 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

1986-жылы туулган Евстифеева Елена Юрьевна изделүүдө. Ал 2019-жылдын 6-январында Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. 

Маалыматтарга ылайык, Чүйдүн Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну Елена 22 күндөн бери дайынсыз болууда.

Анын бою 170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара. Үйдөн чыгып бара жатканда кышкы кийимчен болгон.

Аны көргөндөр же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор Сокулук РИИБинин 0 (312) 60 75 67, 0 (558) 86 14 86, 0 (709) 35 35 29 телефон номурларына же 102ге чалып кабарлап койсо болот.

Ссылка: https://barometr.kg/32-zhashtagy-evstifeeva-elena-izdeld-al-bir-ajdan-beri-dajynsyz



Добавить комментарий