6-7-майда Кыргызстанда кандай аба ырайы болот?

5 мая 2020 16:32 2191 Barometr
Поделиться в:
ok

6-7-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-5-7-majlarynda-kyrgyzstandyn-ajmagynda-turuksuz-aba-yrajy-ktlt



Добавить комментарий