Бүгүн күндүн көзү ачылабы? Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу

28 февраля 2020 10:09 503 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдын 28-февралында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирди.  

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

28-февралдан 29-февралга караган күндөрүндө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-28-fevraynda-kyrgyzstandyn-ajmagynda-mezgil-mezgili-menen-kar-zhaajt



Добавить комментарий