Нарын шаары менен Ат-Башы районунда жети кылмыш катталып, 7 киши коменданттык режимди бузду
Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандарга токтолду. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле облуста жалпысынан коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө.
28-апрелге карата 7 кылмыш катталды. Алардын арасында өзгөчө оор кылмыш катталган жок.
Ал эми коменданттык саатты 7 жаран бузду. Ат-Башыда-5, Нарын шаарында -2 жаран кармалган.
Жалпысынан облуста кылмыштуулук азайды.
Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасады.
“Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам жана эпидемиологиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырам. Биздин аткарып жаткан иштердин баары сиздердин ден соолугуңар жана саламаттыгыңар үчүн. Андыктан эрежени сактап, үйдө болуп илдетти бирге жеңели”, - деди Аалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-28-aprelge-karata-bashyda-5-naryn-shaarynda-2-zharan-karmalgan
Добавить комментарий ×