Нарында калың кар жаап, малчыларга каттаган жол жабылып калды
Нарында кар калың жаап коюп, малчыларга каттаган жол жабылып калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, кечээ, 2-майда Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган.
“Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы–акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды.
Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары У.Жылтыров жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы М.Орозалиев менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайра артка кайтышкан.
Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында, КР ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган”, -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, боло турган кырдаал тууралуу алдын ала мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына шашылыш билдирүү берилип, эскертүүлөр берилген
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-kaly-kar-zhaap-malchylarga-kattagan-zhol-zhabylyp-kaldy
Добавить комментарий ×