Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров 51жашында каза болду
Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров дүйнө салды. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, режиссёр кече, 1-май күнү мезгилсиз бул дүйнө менен кош айтышкан.
“М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрынын режиссёр-коюучусу Мендебаиров Шамбет Кенжегулович 51 жаш курагында 2023-жылдын 1-майында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты”, -леп айтылат маалыматта.
Мендебаиров Шамбет Кенжегулович 1972-жылдын 22-август айында Нарын облустуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
1997-2003-ж.ж. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Театр жана кино» факультетинин «Режиссура» кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрына келип, дипломдук ишине В.Дельмардын «Жашоо деген…» спектаклин койгон.
2012—жылдан ушул күнгө чейин М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм жетекчи, режиссер-коюучу болуп эмгектенген.
Нарын театрында койгон спектаклдери :
В. Дельмар « Жашоо деген …»,
Т.Якуб «Селим жана Ханыша»,
Ч.Калыбекова «Ботокөз»,
Ж.+зъбекова «Күйөө сатам»,
К.Мамбетакунов «Укей»,
В.Сологуб «Назик жүрөк»,
М.Байжиев «Төрт адам»,
К. Иманалиев «Актриса»
С. Рысбаев «Адам пери»,
К. Култегин «Шыпыргы өмүр»,
К. Осмоналиев «Көчмөндөр кагылышы»
Ага-ини Гримм «Бремендик музыканттар» балдар үчүн жомок;
«Щелкунчик» балдар үчүн жомок;
«Коркок жоокер» балдар үчүн жомок ж.б.
Сөөк узатуу тажиясы 3- май саат 11:00до Нарын шаарында Жаңы-жол аймагында өтөт.
“Барометрдин” жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Добавить комментарий ×