2 миллион сомго жакын каражатты сол чөнтөккө сологондор аныкталды

24 августа 2018 23:35 998 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулукта жол курууда 2 миллион сомго жакын каражат мыйзамсыз иштетилгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери жол куруу боюнча аткарылган иштерди кабыл алуу актысына жалган маалыматтарды жазып, ашыкча каражат мыйзамсыз которушкан. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 729 миң сом зыян келтирилген. Учурда  бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/2-million-somgo-zhakyn-karazhatty-sol-chntkk-sologondor-anyktaldy



Добавить комментарий