Сокулукта 15 жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды
Сокулук районунда 15 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип, 31 жаштагы жаран кармалды.
“29-январда Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 25-январынан 26-январына караган түнү 2008-жылы туулган кызы А.Ф.га физикалык күч колдонуп, анын эркине каршы зордуктаган белгисиз адамга карата чара көрүү тууралуу кайрылган.
Бул факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 2-мартында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелген адамдын өздүгү такталып, ал 1992-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экени маалым болду.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-15-zhashar-kyzdy-zorduktoogo-shektelip-31-zhashtagy-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×