Сокулукта жаш кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелип кошунасы кармалды

26 апреля 2023 15:25 869 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук районунда жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди жасоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 


Маалым болгондой, 6-февралда милицияга наристенин апасы кайрылган. 

“Учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. 
2023-жылдын 6-февралында Сокулук милициясына жаран Т.Н., 2022-жылдын декабрь айынан бери жаш кызына карата адепсиз жоруктарды жасап келе жаткан кошунасы «М» га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.  

Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин (адепсиз жорук) негизинде кылмыш иши козголгон.    

Тергөө соттук-укуктук экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин уланган.    

2023-жылдын 25-апрелинде Сокулук районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле тергөө амалдарынын жана экспертизанын корутундуларынын негизинде жаран 1980-жылы туулаган А.М.Б. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.     

Кылмышка шектүү жаран А.М.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (бузуктук аракеттер) боюнча айып тагылып, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган”, -деп айтылат маалыматта.      


Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-zhash-kyzga-bir-zhyl-boyuu-yplas-araketterdi-zhasoogo-shektelip-koshunasy-karmaldy



Добавить комментарий