Транспорт министри жол тармагына атайын техникаларды сатып алуудагы кыйынчылыктарды айтты

24 февраля 2020 13:29 378 Barometr
Поделиться в:
ok

1996-2018-жылдар аралыгында жол куруу тармагына 1 млрд. 956 млн. доллар насыялык жана гранттык каражаттар алынган. Ал эми өкмөттүн кошкон үлүшү – 195 млн. доллар. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Бюджет жана финансы боюнча комитетте Транспорт жана жолдор  министрлиги тарабынан алынган насыялар менен гранттардын пайдаланышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы жазды. 

«Жогоруда аталган насыялык каражатка 2079 чакырым жол салынган жана оңдолгон, анын ичинде 310 чакырым жолду куруу жумуштары ишке ашырылып жатат. Андан тышкары, тоннелдер менен эстакадалык көпүрөлөр, дагы башка бир катар курулмалар курулду», - деди министр.

Ошондой эле, жол куруудагы Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы сындуу эл аралык ири каржы мекемелери негизги донорлор болуп саналары белгилүү болду.

Тайгак жолго кол менен кум, туз чачуу бизде эле болсо керек деп нааразы болгон депутат Сайдулла Нышанов атайын жабдууларды сатып алуу маселеси кандай чечилип жатканына кызыкты.

Министр жол тармагына атайын техникаларды сатып алуу өтө кыйын экенин жашырган жок. 

«Мурдагы жабдуулар эскирип бүттү. Өткөн жыл бул маселе боюнча долбоор даярдап, Жапониянын JICA уюмуна тапшырганбыз. Андан сырткары, өткөн жылдын жыйынтыгында Ош - Баткен - Исфана жолунан 4 млн. доллар үнөмдөлгөн, жолду пайдалануу ишканаларынын жабдуулары жаңыланды, жаңы асфальт заводу салынды, таш майдалоочу жабдуу сатып алдык», - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/1996-2018-zhyldar-aralygynda-zhol-kuruu-tarmagyna-1-mlrd-956-mln-dollar-nasyyalyk-zhana-granttyk-karazhattar-alyngan



Добавить комментарий