15 жыл мурда адам өлтүргөн казак мафиёзу Бакытжан Успанов Түркияда кыргыз паспортчон колго түштү

11 ноября 2019 16:04 3028 Barometr
Поделиться в:
ok

15 жыл мурда адам өлтүргөн казак мафиясынын белгилүү өкүлү Бакытжан Успанов Түркияда колго түштү. Жанынан Кыргызстандын паспорту чыкты. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Такталгандай, 15 жыл илгери ал бир адамды атып өлтүрүп, кийин Кыргызстанга качып өтүп, 1 миң АКШ долларына Кыргыз Республикасынын паспортун сатып алган. Кийинчерээк Түркияга өтүп кетип, Конья шаарынан турак жай алып жашап калган.

Полиция ал жашаган жерге келип, колго түшүргөн учурда анын Кыргызстандын жараны эместиги, ал казак атуулу экендиги аныкталган.

Полиция мындан сырткары ал 15 жыл мурда өз ара талашып-тартышууда бей тааныш мафия мүчөсүн өлтүрүп салганын, 2014-жылы Интерполдун багыты боюнча издөөгө алынганын аныкташкан. Ал Казакстанга депортацияланары айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/15-zhyl-murda-adam-ltrgn-kazak-mafiyozu-bakytzhan-uspanov-trkiyada-kyrgyz-pasportchon-kolgo-tsht



Добавить комментарий