ИИМ: Болгариядан кармалган депутаттын уулу Данияр Ибраев жети кылмыш ишине шектелип жатат

10 сентября 2020 11:10 995 Barometr
Поделиться в:
ok

Буга чейин эл аралык издөө жарыяланган депутат Самат Ибраевдин уулу - Данияр Болгариядан Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Данияр Ибраевге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

"Февраль айында ал Болгарияда кармалган. Азыр Кыргызстанга экстрадициялоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, билдирүүдө өлкөлөрдүн ортосунда экстрадициялоо боюнча мындай келишимдердин бар же жок экендиги көрсөтүлгөн эмес.

Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн Данияр Ибраевге Кыргызстандын укук коргоо органдары алдамчылык боюнча жети фактыга шектүү деп жатышат.

Данияр Ибраевге кылмышка шектүү экендиги жөнүндө сыртынан билдирүү жөнөтүлүп, ага камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынгандыгы көрсөтүлгөн.

"Бир нече курулуш компанияларына курулуш шаймандарын жеткирүүнү сунуш кылган Ибраев алардын акчасын өзгөчө ири өлчөмдө алып кетип, дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип ГУВДга кайрылышкан. Жалпы чыгым 507 миллион 352 миң 49 сомду түздү", - деп айтылат билдирүүдө.

Данияр Ибраевдин алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркагандар Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү 64а дареги боюнча, борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына же 0 312 437168, 0 312 681268 жана 0 550 102086 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/baktiyar-toktorov-ooba-deputattykka-attandym-atkara-turgan-ishterim-ktr-turgan-maselelerim-kp



Добавить комментарий