Бишкекте Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды

3 июня 2019 11:29 1276 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлери Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн Түркиянын жаранын кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Буга чейин ИИМге Кыргызстандын аймагында  эркек киши мыйзамсыз жашырынып, ички иштер органдарына билдирбестен жасалма документтер менен Европа өлкөлөрүнө  чыгып кетүүнү каалагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«35 жаштагы чет элдик жаран  кармалды. Ал Түркиянын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Соттун чечими менен чет элдик жаран ТИЗО-1ге камалды», - делет билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-interpol-tarabynan-izdd-zhrgn-trkiyanyn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий