10 градуска чейин жылыйт. Февралда кандай аба ырайы күтөт?

17 января 2020 09:15 2990 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызгидромет агенттиги Кыргызстан боюнча февраль айында кандай аба ырайы күтүп турганынын божомолун жарыялады. 

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1...-3° суук болот. Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо -4…-6° суук болушу мүмкүн.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турат.  Күндүз -1…-6° сууктан +3…+8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, ай аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болуп, Чүй өрөөнүндө 29-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 18-29 мм. болот.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -11…-16° суукка чейин, күндүз -1…-6° сууктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн. Ай ичинде, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1°...+1° жылуулукка чейин, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан +3º жылуулукка чейин, күндүз 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 12…17° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12°, Кочкор районунда -5…-7° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -18…-23° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Ат-Башы районунда ай ичинде кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -22…-27° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0…-5° сууктан -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -4…-6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -7…-12° суук болушу күтүлөт. Күндүз -2°...3° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/10-graduska-chejin-zhylyjt-fevralda-kandaj-aba-yrajy-ktt



Добавить комментарий