Венецияда рактан улам өлгөнү жаткан туристти тоноп кетишти

19 июль 2018 23:00 1136 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Венецияга эс алууга келген Америкалык туристти ваператтодо (сууда жүрүүчү трамвай) тоноп кетишкен. Турист рак илдети менен ооруп жүргөндүктөн, Венецияда көз жумган. Буга өлөөр алдына кат менен кайрылып, мындай деп жазып кеткен: " Билем сен катты окубайсың. Сенин кооз шаарың Венецияга 14-июлда аялым экөөбүз келгенбиз. Бул менин акыркы саякатым болуп калды. Сен мени акчасыз жана кредиттик картасыз калтырдың. Өзүңдү бир секундага менин ордума коюп элестетип көр. Мен азыр кечирим сурап жатам, сен дагы күнөөсүз адамдарды тоногонуңдү токтотуп, кечирим сура, мен сени кечирдим"- деп жазылган. 

Ал эми жергиликтүү полиция ууруну издөөнү улантууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/veneciyada-raktan-ulam-lgn-zhatkan-turistti-tonop-ketishti



Добавить комментарий