Уюшкан кылмыштуу топтун мучөсүнө мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды

19 июль 2018 01:57 1215 Каныкей Шаршенбаева
Бөлүшүү:
ok

Документ оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны Борис Матузныйга берилген. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1967-жылы туулган Россия Федерациясынын жараны 2018-жылдын январь айында Испаниядан кармалган. Борис Матузный Россиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүүгө айыпталып, издөөдө жүргөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал 2016-2017-жылдары Рустам Назаров деген ат менен өзүнүн сүрөтүн койдуруп, кыргыз жаранынын паспортун алгандыгы ачыкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндо белгилүү болгондой,  2016-жылдын сентябрь айында Сузак райондук ЗАГСынын адиси А.Д. тарабынан чет элдик жаранга тиешелүү документтери жок эле персоналдык идентификациялык номер берилген. Ал тууралуу маалыматтар атайын каттоо журналында жок.

  Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.  Анын алкагында Сузак райондук калкты каттоо жана паспорт менен камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси И.Б. жана Сузак райондук ЗАГСынын кызматкери Ж.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.




Ссылка: https://barometr.kg/uyushkan-kylmyshtuu-toptun-muchsn-myjzamsyz-pasport-ber-faktysy-anyktaldy



Добавить комментарий