Зордуктоого шектелип эл аралык издөөдө жүргөн жигит Кыргызстанга жеткирилди

3 июль 2019 12:12 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Зордуктоого шектелип эл аралык издөө жарыяланган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Баткен областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, 25 жаштагы Лейлек районунун тургуну М.У. 2017-жылдын август айынан бери издөөдө жүргөн. Аны зордуктоо кылмышына айыпташууда.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жигит Россиянын аймагында кармалып, Кыргызстанга кайтарылды.

Баткен ИИБ берген маалыматка таянсак, Россия менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматташуусунун алкагында 2019-жылдын башынан бери Баткен областына үч жаран экстрадицияланды.

Ссылка: https://barometr.kg/zorduktoogo-shektelip-el-aralyk-izdd-zhrgn-zhigit-kyrgyzstanga-zhetkirildi



Добавить комментарий