Акимдер балдарга болгон зомбулуктун алдын алууда жеке жоопкерчилик тартат
Өкмөт балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин күчтөндүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Балдарга карата зордук-зомбулуктар катталып жатканына байланыштуу өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин күчөтүүнү тапшырды. Райондук штабдарга мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдыруу, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Мамлекеттик администрациялардын жетекчилери – район акимдери штабдын ишин жана балдарга жасалган катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча шашылыш чаралардын 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат.
Өкмөт ошондой эле массалык маалымат каражаттарын балдар укуктарын коргоо темасына арналган социалдык роликтерди көрсөтүү, телесюжеттерди жана макалаларды даярдоо аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракеттешүүгө чакырат.
Эгерде кайдыгер эмес жарандар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнүн күбөсү болуп же мындай мүнөздөгү маалыматка ээ болушса, 111 «ишеним телефонуна» чалып же укук коргоо органдарына кайрыла алышат. Ички иштер министрлигине ишти координациялоо, балдарга орой мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр жана калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/zorduk-zombuluktun-aldyn-aluu-kchtlt
Добавить комментарий ×