Зиядин Жамалдинов: «Караван» соода борборунан жылына 150 млн сомдон кем эмес киреше түшөт, аны катуу көзөмөлгө алуу керек
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдын республикалык бюджетине сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда, депутат Зиядин Жамалдинов жыл аяктаганына бир гана ай калганын эске салып, алдын ала белгиленген пландын аткарылар-аткарылбасына кызыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы кабарлады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев 2018-жылга карата салыктык киреше адегенде 82 млрд 366 млн көлөмүндө белгиленгенин, бирок өкмөт аны кайра карап, ал 81 млрд 827 млн сомго чейин азайтылганын, тагыраак айтканда, 539 млн сомго төмөндөгөнүн билдирди.
«Салыктын айрым түрлөрү боюнча объективдүү себептер бар. Мисалы, киреше салыгынын планын 100 млн сомго төмөндөтүүнү сунуштадык, анткени ал ансыз деле 2017-жылга салыштырмалуу 110,8 пайызга өстү», - деди министр.
Депутат Зиядин Жамалдинов улутташтырылган «Караван» соода борборунан жылына 150 млн сомдон кем эмес киреше түшө турганын айтып, аны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды. Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев 9 айдын ичинде андан 56 млн сом түшкөнүн билдирди.
Добавить комментарий ×