Он жылда «Альянс Алтын» компаниясы 33 млрд 766 млн сом сом салык төлөдү

15 сентябрь 2025 14:45 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2015-жылдан 2025-жылдын август айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жалпы 33 миллиард 766 миллион сом которду. 2025-жылдын алгачкы сегиз айынын ичинде эле салыктык төлөмдөр 9 миллиард 429 миллион сомду түздү, анын ичинен август айында 1 миллиард 746 миллион сом болду.

«Альянс Алтын» компаниясы аймактарды өнүктүрүүгө активдүү салым кошуп келет. Компания тарабынан «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттан 2%» берененин негизинде жергиликтүү фонддорго каражат которулат:

Аталган берененин негизинде 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын август айына чейин жалпысынан 2 миллиард 241 миллион сом которулган.

Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%) тактап айтканда - 1 миллиард 120 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында- 277 миллион сом, акыркы айда- 53 миллион сом;
  • Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%) башкача айтканда - 672 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында — 166 миллион сом, акыркы айда — 32 миллион сом;
  • Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20%) – 448 миллион сомду тузсо, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында - 111 миллион сом, акыркы айда - 21 миллион сом.

Компаниянын жалпы экологиялык төлөмдөрү бүгүнкү күндө 471 миллион 790 миң сомду түздү.

Алардын ичинде:

  • Рекультивациялык фондго - 77 миллион 262 миң сом;
  • Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн - 143 миллион 504 миң сом;
  • Экологиялык эмиссиялар үчүн - 251 миллион сом.


Ссылка: https://barometr.kg/zhylda-alyans-altyn-kompaniyasy-33-mlrd-766-mln-som-som-salyk-tld



Добавить комментарий