Жылдыздуу түгөйлөр Урмат Усенов менен Неля Нуркулованын баш кошконуна 10 жыл толду

16 марта 2019 10:16 4807 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү жылдыздары, жылдыздуу түгөйлөр Урмат Усенов менен Неля Нуркулованын чогуу түтүн булатып жаткандарына 10 жыл толду. Бул тууралуу Неля өзүнүн интернет баракчасына пост жазып чыкты.

Ырчы үйлөнүү тоюндагы сүрөттөрдүн тизмеги менен бөлүшүп:

"Үлпөт көйнөгүн кийүү ар бир айымдын кыялы болуш керек. Бул күнү мен ичимден кудайдан көп жакшы тилек кылдым эле. Шүгүр, шүгүр, шүгүр... Кудайга миң мертебе ыраазымын. Баардык аялзатына мен чын жүрөгүмдөн кааларым ар бир үйдүн жарыгы, очогу болуп жүрө бериңиздер. Жаратканым баардыгыңыздарга аялдык бакыт берсин, себеби бактылуулук аялзатын ажарлуу, боорукер, сүйүктүү кылат эмеспи. 15-март, той күнү, 10 жыл.", -деп кубанычы менен бөлүшкөн баяндама жазып койду.

Бактылуу түгөйлөргө көпчүлүк жагымдуу каалоо-тилектерин жазып калтырышууда.

Эске салсак, Урмат Усенов менен Неля Нуркулова 2009-жылдын 15-мартында үлпөн тоюн өткөрүшүп элден бата алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyldyzduu-tgjlr-urmat-usenov-menen-nelya-nurkulovanyn-bash-koshkonuna-10-zhyl-toldu



Добавить комментарий