Моника Белуччинин 17 жаштагы кызы сулуулугу менен баарын суктандырууда

11 ноября 2021 21:49 2722 Barometr
Поделиться в:
ok

Актриса Моника Беллуччи менен актер Венсан Касселдин эки ажырым жолго түшкөндөрүнө сегиз жылга жакындаса дагы, жуптардын бөлүнүп кеткенине нааразы болгондор көп. Алардын күйөрмандары эми эки таланттуу адамдын кызы 17 жаштагы Дева Касселге суктанышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Кыздын күйөрмандары Дева 57 жаштагы апасынын башкы атаандашы болду же сулуулугу менен андан дагы ашып кетти дешүүдө.

Кыздын Instagram -аккаунтуна 550 миңден ашык колдонуучулар катталган.

Дева учурда модель болуп иштеп жатат.Буга чейин ал көптөгөн белгилүү бренддер менен иштешип, ал тургай Dolce Gabbana брендинин жүзү да болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/monika-beluchchinin-17-zhashtagy-kyzy-suluulugu-menen-baaryn-suktandyruuda



Добавить комментарий