Жумушту алмаштыруу керектигин билдирип турган 5 белги

6 августа 2021 16:54 2890 Barometr
Поделиться в:
ok

Башчы менен чатакташып калгандан кийин жумуштан кетүү керектиги тууралуу жагдай баарына эле маалым. Бирок иштеги жагдай түшүнүксүз эле уланып жатса, тактап айтканда жумушуңуз жагып же жакпай, кеткиңиз келип бирок, ошол эле маалда бул чечимден коркуп жаткан учурда эмне кылуу керек? Жумуштан кетүү тууралуу чечимди ар бир эле адам тез кабыл ала бербейт. Кандай учурда жумушту алмаштыруу зарыл экенин barometr.kg психологдордун кеңешине таянуу менен сунуштайт.

1-белги. Сиз тез эле чарчайсыз 

“Күн ысык, витамин жетишсиз, начар уктап жатам” деген сыяктуу сырткы факторлорго шылтоо кылгандын ордуна башка жагдайды дагы карап көрүңүз. Балким сизге иштеп жаткан жумушуңуз жакпай, ал кызыктуу болбой, мотивацияңыз жок болуп жатат? Мотивация жок болсо энергия дагы, күч дагы жок.

2-белги. Кесиптештериңиз жакпайт

Баары тең сизди түшүнбөйт, же ачууңузга тиет. Мындай учура бул сыяктуу атмосферада иштөөнүн зарылдыгы жок.Өзүңүзгө гана жаман кылып жатасыз.

3-белги. Жумуш жакпайт

Аталган жумуш сизге тынымсыз эргүү менен иштегенге шарт түзбөйт, тактап айканда аны кызыгуу менен берилүү менен жасабайсыз. Өзүңүздүкүн аткарып болуп, эптеп жумуш күнү бүтсө үйгө кетсем деп шашасыз.Бул учурда да убактыңызды жөндөн-жөн коротуп жаткан болосуз.Тезирээк өзүңүзгө жаккан жумуш менен алектениңиз.

4-белги. Эч кандай өсүп-өнүгүү жок

Бул абдан жаман нерсе, робот сыяктуу бир ишти кайра-кайра иштей берүү дагы адамды өнүктүрбөй таштайт. Ал карьералык тепкичте жогорулап же айлыгы жогорулап өсүү үстүндө болгондо гана жумуш маанилүү болушу керек.

5-белги. Ыңгайлуулук зонасынан чыккыңыз келбейт

Сизге жумуш жакпайт, бирок ыңгайлуулук зонасынан чыккыңыз келбейт. “Бул жумушту алмаштырып эмне кылам, баары нормалдуу эле турат”,- деп ойлойсуз. Мындай пикирде болсоңуз да туура эмес. Анткени сиз өсүү дегенди токтотуп салып жаңы ыкмаларды үйрөнгөндөн качып жатасыз. Ал эми өспөй калган жумушчу бир күнү болбосо бир күнү чыныгы кесипкөйгө ордун тарттырып жиберет. Ошондуктан ыңгайлуулук зонасынан чыгып, жөндөмдөрдү өстүрүп, жаңы багыттарды багындырыңыз. Эң негизгиси мындан дагы көп акча тапкан, мындан дагы сизге көп мотивация бере турган ишке кетиңиз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhumushtu-almashtyruu-kerektigin-bildirip-turgan-5-belgi



Добавить комментарий