Турмушта туура эмес жолдо бара жатканыңыздын 6 белгиси

3 марта 2022 11:50 2098 Barometr
Поделиться в:
ok

“Көп адамдар турмушта туура эмес жашап жаткандай, өздөрүнүн чыныгы миссиясын таппагандай убара боло беришет”, - дешет биоэнергетиктер. Бардык адам бактылуу болуп жашоосунда өз ордун таап, турмушунан канагаттангысы келет. Бирок айрымдар башка бирөөнүн көрсөтмөсү же каалоосу менен өз кыялын ишке ашырбай, өзү көздөгөн нерсеге жетпей жүрө беришет. Мындай учурда сизге жашоо кандай эскертмелерди, белгилерди бере турганын Barometr.kg төмөндө тизмектейт.

1. Адамдын максаттарынын, каалоолорунун жана кызыкчылыктарынын жок экени

Сиз өз жашооңузга, жумушуңузга кайдыгер сыяктуу карайсыз, бир нерсени өзгөртөм деген оюңуз жок. Баарына көңүл кош карап калуу - жашоодогу өз нугуңуздан тайып, адашуу жолунда жүргөнүңүздүн белгиси дешет энергетика жаатындагы адистер. Анткени сизде баарын ишке ашырууга энергия жок.

2. Башкарлардын бактылуу болуп жашап жатканына ачуулануу

Башка адам жашоосуна шыктанып, бактылуу болуп жатса сиз ага капа болсоңуз, ичиңиз күйсө дагы туура эмес. Анын чыныгы себебин табуу керек. Жашооңузду “ууландырган” адамдардан кол үзүп, аткаргыңыз келбеген жумушту акырындап таштап, жүрөгүңүз каалаган нерсеге умтулуңуз, ошондо баары ордуна келип, сиз дагы бактылуу боло аласыз.

3. “Жашоодо баары өз нугундай болбой жатат” деген сезим 

Туура эмес жол менен кетип бара жатканыңыздын дагы бир белгиси бул “жашоодо баары өз нугундай болбой жатат” деген сезим. Өзүңүзгө ишеним артып, болуп жактан кыйынчылктар убактылуу экенин сезип, алдыга умтулуп жаңы жолдорду издеңиз.

4. Эмне жасаңыз дагы ишиңиз жакшы жүрүшпөй жатат

Адам эмне кылса дагы баары туура эмес болуп, күткөн жыйынтыктар чыкпай калып турмушта кыйналып жүргөн болсо да “Кудайым берген чыныгы туура жол менен бара жатамбы?” деп ойлонуп көрүүсү кажет. Албетте мындай көрүнүш ар бир эле адамдын башында болот, бирок ал узак убакыттар, узак жылдар бою эле созула берсе анда бара жаткан, багыт алган максатыңыз туурабы деп талдоо жүргүзүү зарыл дешет адистер.

5. Жаман адаттардын болуусу 

Алкоголь, жалкоолук, ачкөздүк, өзүмчүлдүк сыяктуу туура эмес адаттар дагы адам өзүнө карата көзөмөл менен эркин жоготконун билдирет. Кайсы бир зыяндуу нерсеге карата ашыкча эле кумардануу адамдын жашоодо ката кетрип жатканын эскертип турат.

6. Катуу өкүнгөн абал   

Кубаныч менен чыгармачылыкка көп убакыттан бери эле орун калбай, катуу бир нерсеге өкүнүп, кабатыр болуп жүрсөңүз дагы бул жашоодон берилген бир эскертме. Мындан улам турмушуңузда эмнени туура эмес жасап бара жатасыз карап, талдап чыксаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/turmushta-tuura-emes-zholdo-bara-zhatkanyyzdyn-6-belgisi



Добавить комментарий