Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына чөгүп кеткен 9 жаштагы бала 3 күндөн бери изделүүдө
Поделиться в:
Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына чөгүп кеткен 9 жаштагы бала 3 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 7-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Кабак айылындагы Көкөмерен дарыясына 2009-жылы туулган К.Б. аттуу бала түшүп кеткен. 8-декабрда издөө иштери жүргүзүлгөн. 9-декабрь күнү издөө иштерин улантуу максатында Жумгал райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.
Добавить комментарий ×