Жумгал районунда жер көчкү түшүп, жолду бууп калды

1 сентября 2021 16:16 2488 Barometr
Поделиться в:
ok

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Нарын областынын Жумгал районунда 31-августтан 1-сентябрга караган түнү саат эртең мененки 4төр чамасында жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, Миң-Куш айлынан Алыскы Миң-Куш айылына чейин бара турган жолго 2500 кубометрдей кум жана шагыл аралаш көчкү түшкөн. Жолдун 100 метрдейин жаап калган.

Жарындык коргоо боюнча комиссия жагдайга баа бериш үчүн жеринде иштеп жатат.

Азыркы учурда жер көчкү түшкөн аймакта бульдозер, экскаватор жана 2 “Хово” унаасы жолду ачуу иштерине тартылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhumgal-rajonunda-zher-kchk-tshp-zholdu-buup-kaldy



Добавить комментарий