Кочкор районунда болгон жол кырсыгынан 7 адам жабыркады

28 август 2021 12:42 1710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын областынын Кочкор районундагы Сары-Булак - Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында 27-августта “Subaru Forester” жана "Niva" унаалары кагылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Кырсыктан улам 7 адам ар кандай жаракаттарды алышты.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине беришти.

Окуя болгон жерде 5 куткаруучу иштеди.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkor-rajonunda-bolgon-zhol-kyrsygynan-7-adam-zhabyrkady



Добавить комментарий