Япониянын жээгинде токтоп турган Diamond Princess кемесиндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

28 февраля 2020 12:40 873 Barometr
Поделиться в:
ok

Япониянын жээгинде токтоп турган Diamond Princess кемесиндеги кыргызстандык жаранга коронавирус жукканы аныкталды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, кыргызстандык жарандан алынган тесттин жыйынтыгы 26-февралда чыгып, анда коронавирус жукканы аныкталган.

“Анын оорусу жеңил формада, өзүн жакшы сезип жатат”, — деди ал.

Абдрахманов өз сөзүндө КР жаранынын дене табы көтөрүлбөгөнүн, жөтөл жана демигүү жок экенин кошумчалады. Ал Япониядагы ооруканалардын биринде дарыланууда жана толук айыкканга чейин ошол жакта болот.

Буга чейин Diamond Princess кемесинин расмий сайты Япониянын Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен кеменин ичиндеги жарандардын арасын коронавирус жуккандар боюнча маалымат берип, алардын арасында Кыргызстандын жараны бар экенин билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyanyn-zheeginde-toktop-turgan-diamond-princess-kemesindegi-kyrgyzstandyktan-koronavirus-anyktaldy



Добавить комментарий