Жүрөк тилинет. Түркиядагы кыргызстандыктар бири-бирине жардам колун сунуп, үйлөрүнөн түнөк беришүүдө

8 февраля 2023 15:10 1167 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын зилзала болгон Мерсин шаарында Кыргызстандык мекендештер бири-бирине жардам колун сунуп, үйлөрүнөн түнөк берүүдө. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланган билдирүүлөргө шилтеме берип  “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой,  Түркияда жер титирөө болуп миңдеген адамдар каза болуп, үйлөр кыйрап, элдер көчөдө калышты. 

Ал эми, Түркиянын ар кайсы шаарларында эмгек мигранты болуп, билим алып жүргөн кыргызстандыктар ого эле көп. Алардын так санын Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги да айта албайт. Анткени, иштеп келген кыргызстандыктардын көпчүлүгү элчиликке же болбосо консулдуктарга каттоого турушпайт.


Мына ушундай зилзаланын кесепетинен кыйрап калган Түркиянын шаарларындагы кыргызстандыктар үйү жок көчөдө калгандарга түнөк бар деп соцтармактарга билдирүү калтырушууда.

“Кыргызстандык боордошторум! Мерсинде үйү жок көчөдө калган болсоңуздар менин эшигим сиздер үчүн ачык. Нан, суу болсо да тосуп алам. Мен Мерсиндемин. Атым Гүлзада. Байланыш номурум: 05312725563. Кабарыңарды билдиргиле”, -деп жазган мекендешибиз Гүлзада. 

Эске сала кетсек, буга чейин, Адана шаарында 39 жаштагы А.Т. аттуу кыргызстандык мекендешибиз ооруканага түшүп, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

 Ал эми, Антальядагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы 10 кыргызстандыкка азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, коопсуз жерге жайгаштырылган. 

ТИМ жер титирөө болгон Кахраманмараш, Хатай, Османийе, Адыяман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Газиантеп, Килис, Адана, Малатья, Газиантеп жана Мерсинде жүргөн кыргызстандыктар дипломатиялык мекемелерге кайрылуу үчүн байланыш номерлерин сунуштады.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Антальядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;

КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996 999 312002.

Кыргызстан Түркияга жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардамдашуу үчүн 67 куткаруучу жөнөттү. 


Ссылка: https://barometr.kg/zhrk-tilinet-trkiyadagy-kyrgyzstandyktar-biri-birine-zhardam-kolun-sunup-jlrnn-tnk-berishd



Добавить комментарий