Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу кармалды
Поделиться в:
Жүргүнчү аялды чаап жиберген кичиавтобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочу Бишкектин Москва райондук милиция бөлүмүндө кармалат.
Эске салсак, 2-октябрда Бишкек — Кара–Балтага каттаган №302 маршруткада болгон жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Анда айдоочу музыканы акырындатып коюуну суранган аялга ачууланып аны сабаганга чейин барган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhrgnch-ayalga-kol-ktrgn-ajdoochu-karmaldy
Добавить комментарий ×