Жүрөгү кармап жыгылган дыйканды чочколор жеп кетти

18 января 2020 12:08 20693 Barometr
Поделиться в:
ok

Польшада жүрөгү кармап жыгылган дыйканды 12 чоң чочко жеп салды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды

71 жаштагы пенсионердин сөөгүн коңшусу тапкан. Себеби, ал жаңы жылдан бери көрүнбөй кеткендиктен кабар алайын деп үйүнө баш баккан.

Басылманын жазышынча, фермер кудуктан суу алып жатканда жүрөгү кармап жыгылган. Кудуктун жанынан анын сөөгүнүн калдыктары табылган.

Коңшуларынын айтымында, дыйкан Мангалица породасындагы ири чочколорду багып келген. Аларга ойдогудай тамак берилбей, ачка болгондуктан үйдүн короосунда ээн-эркин эле жүрүшчү. Андыктан прокуратура органдары дыйканды чочколор жеп салган деген бүтүмгө келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrg-karmap-zhygylgan-dyjkandy-chochkolor-zhep-ketti



Добавить комментарий