Айсулуу Тыныбекова Польшадагы турнирден жеңип, алтын тагынды. (видеосу)

11 июня 2021 08:40 3176 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Балбан Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында каршылашын жеңип, алтын тагынды. Бул тууралуу United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мелдеште Кыргызстандык балбан кыз 7:1 эсебинде атаандашын утуп, жеңешке ээ болду.

62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен кармашкан.

Ал эми, чейрек финалда балбан россиялык Любовь Овчарова менен чыккан. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти 10:8ге өзгөрткөн. Көп өтпөй атаандашынын далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Ошондой эле, жарым финалда россиялык балбан Светлана Липатова менен чыгып, 3:1 эсебинде уткан.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал россиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону жеңип, жеңишти камсыздаган.

Аталган мелдеш Варшава шаарында өтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-polshadagy-turnirden-zheip-altyn-tagyndy-videosu



Добавить комментарий