Жоломан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль жеңип алды

7 августа 2023 16:23 4109 Barometr
Поделиться в:
ok

Жоламан Шершенбеков алтын медалды багындырды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип   “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү болду.

Мелдеш 5-августта  Белградда 8 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өттү.

Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Тайпалык баскычта Жоламан Шаршенбеков биринчи орунда жарым финалга чыгып, Венгрия менен Кытайдын спортчуларын эки жолу жеңип алды.

1/2 финалдык беттеште Шаршенбеков Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жана  финалда Венгриялык Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңип, алтын медалды багындырды.


Ссылка: https://barometr.kg/zholoman-sharshenbekov-serbiyada-tkn-el-aralyk-meldeshte-altyn-medal-zheip-aldy



Добавить комментарий