Жоломан Шаршенбеков баш болгон грек-рим күрөшү боюнча курама команда Бишкекке келди

17 декабря 2020 12:52 845 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке келген грек-рим күрөшү боюнча курама команданы салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирген маалыматка таянып "Барометр" билдирет. 

Бүгүн, 17-декабрда, Белград шаарында (Сербия) өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама  командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. 

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов тосуп алды. Ал курама команданы мелдештерде жеткен ийгилиги менен куттуктады: «Бүтүндөй Кыргызстан сиздердин ийгилигиңиздер менен сыймыктанып турат! Азаматсыздар! Сиздер даңк пьедесталына чыгып, өлкөнүн гимни ойногондо биз чексиз бакытка бөлөндүк. Мындай кубанычтуу эмоциялар үчүн сиздерге рахмат», - деди ал.

Дүйнө кубогунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 2020-жылдын 10-16-декабрь күндөрү өттү. 

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 2 коло) утуп, Дүйнө Кубогунда төртүнчү орунга ээ болду:

1-орун  – Жоламан Шаршенбеков,  60 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Калы Сулайманов, 63 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Руслан Царев, 72 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/zholoman-sharshenbekov-bash-bolgon-grek-rim-krsh-boyuncha-kurama-komanda-bishkekke-keldi



Добавить комментарий