Жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан 10 млн. сом айып пул жыйналган

19 февраля 2020 12:18 438 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин жалпы жыйынында өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар экенин, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин айтты. Ошондо гана жүк тартуу жайларындагы коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.

Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. 

«Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», - деди ал.

Ошентип, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн  2000 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Маматалиев башкы максаты айып пулдун өлчөмүн көтөрүү менен кошумча каражат табуу эмес экенин белгиледи. 

«Негизги максат жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү аркылуу автожолдордун сапатын сактап калуу болуп саналат. Ошондой эле, баардык жүк тартуу жайларында автоматташтырылган таразалар орнотулса, андагы адам катышы кыйла азайып, коррупциялык жосундарга бөгөт коюлат», - деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд. 600 млн. сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалыр 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан болгону 10 млн сом айып пул жыйналган.

Ссылка: https://barometr.kg/zholdo-zhk-tashuu-erezhelerin-buzgan-zheke-zhana-yuridikalyk-zhaktardan-10-mln-som-ajyp-pul-zhyjnalgan



Добавить комментарий