Жолдо жаткан сумкадан 50 миң доллар таап алган жигит аны ээсине кайтарды (видео)

25 октября 2021 12:25 2172 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири болуп эсептелген Либерияда мото-таксинин 19 жаштагы айдоочусу Эмманюэль Туло жолдо жаткан баштыктын ичинен 50 миң доллар таап алган, бирок радиодон анын жоголуп кеткени тууралуу кабарды угар замат аны ээсине кайтарды. Бул тууралуу Euronews телеканалына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Акчанын ээси, жергиликтүү ишкер айым балага сүйүнчү катары 1,5 миң доллар берди.

Ал эми өлкөнүн президенти жаш таксистти “чынчылдыктын амбассадору” деп жарыялап айына 500 доллар айлык чектеп берди. Мындан тышкары жаш жигиттин медициналык жогорку окуу жайдагы окуусунун акчасын төлөрүн убада кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zholdo-zhatkan-sumkadan-50-mi-dollar-taap-algan-zhigit-any-eesine-kajtardy-video



Добавить комментарий