Вирусолог коронавирустан эң көп жапа чеге турган органдарды атады

25 октября 2021 12:13 1856 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиялык вирусолог дарыгер Евгений Тимаков адамдын организиминде коронавирус биринчи кезекте кайсы органдарды жабырката турганын айтты. Бул тууралуу Gazeta булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Адис инфекциядан көбүрөөк жабыр тарта турган органдарды белгиледи. Анын айтымында, биринчи кезекте өпкө турат, анткени анда вирус көбөйө турган эң чоң рецепторлор бар.

Экинчи орунда ичеги жана үчүнчү катарда боор турат.

Эгерде ичегинин иштөөсү бузулган болсо анын миробиоталары иммунитетке таасирин берет.

 "Иммунитет алсыраган кезде тактап айтканда коронавирустан кийин адам ооруп, жаңы инфекцияларды жуктуруп алышы мүмкүн жана мурда жашыруун формада турган герпес оорулары күч алат”,-деп айтты  Тимаков.

Ссылка: https://barometr.kg/virusolog-koronavirustan-e-kp-zhapa-chege-turgan-organdardy-atady



Добавить комментарий