Эми жол коопсуздугун тескеген кызматкерлер транспорт салыгын тастыктаган документти текшере алышпайт

8 октября 2019 13:37 1958 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  "Жолдо жүрүү эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна кол койду.

Анда жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин милдеттери чектелди. Башкача айтканда алар эмнелерди текшерүүгѳ укутары жок:

  • IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;
  • транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, айдоочунун жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;
  • кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.

 Мындан тышкары жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Балдарды төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды:

  • мотоциклдин арткы отургучунда;
  • борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
  • баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда. Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.

Мындан тышкары,  жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө чет өлкөлөрдө сыноодон өткөн жана жакшы натыйжа көрсөткөн "Жаңыдан баштаган айдоочу", "Таксомотор (такси)" жаңы белгилери киргизилди.

"Таксомотор (такси)" белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келет, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырат.

"Жаңыдан баштаган айдоочу" белгисинин киргизилиши жаш айдоочулардын Кыргызстандагы автожолдордо транспорт каражаттарын башкарууда ар кандай күтүүсүз кырдаалдын алдын алууга шарт түзѳт. Мисалы, айдоочулар бул белгиси бар транспортторго карата коопсуз аралыкты сактайт, ошондой эле алар чыгаарда жол бошотуп берилет. Бул тууралуу ѳкмѳттүн басма сѳз кызматы билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-koopsuzdugun-teskegen-kyzmattkerlerdin-miledetteri-chekteldi



Добавить комментарий