Жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткандар кармалып, айып салынууда

6 июля 2023 17:51 781 Barometr
Поделиться в:
ok

Жолдордо мыйзамсыз күйүүчү май саткандар тазаланууда. Бкл тууралуу
ЖКККББнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, жалпы 2 тонна 600 литр күйүүчү май алынган, 

Жол жээгинде мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды орноткон  жана башаламан соода-сатык кылган жарандарга  карата  жол жээктерин иретке келтирүү максатында  рейддик  иш-чара жүргүзүлгөн.

“Рейд, Чүй облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 232-чакырымынан  тартып,  244-чакырымына чейинки (А/Д. объездной.) бөлүгүндө өткөрүлүп,  башаламан желим бөтөлкөлөргө  күйүүчү май куйуп,  эч кандай коопсуздук эрежелерин сакташпай,  мыйзамсыз  сатып жатышкан  6 жаранга ар бирине 3000 сомдон айыптар салынып, жалпы 2 тонна  600 литр күйүүчү майлар алынды.

Ошондой эле рейддин жүрүшүндө,  жол жээктерине мыйзамсыз орнотулган 20 даана,  КРнын “Автомобил жүрүүчү жолдор” боюнча мыйзамына туура келбеген жол жээгиндеги мыйзамсыз жана өз алдынча илинген көрнөк-жарнактар, паннолор, плакаттар, жол белгилери аныкталып, баарына  КР Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол толтурулду”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/zhol-zheeginde-myjzamsyz-kjch-maj-satkandar-karmalyp-ajyp-salynuuda



Добавить комментарий