Вице-мэр: Маршруткалардын жол киресин акырындык менен кымбаттатуу керек

14 сентября 2021 13:25 1472 Barometr
Поделиться в:
ok

Маршруткалардын жол кире акысын жогорулатуу маселеси каралып жатканда Бишкек мэриясы бир эле тарапты жактап жаткандай таасир калтырууда. Бул тууралуу пикирин Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Олег Попиков билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Мен бирөөлөрдүн бизнесине кызыкдар деген пикир айтылышы мүмкүн.Мен эмнеге төлөйм? Кайсы жакшырып кеткен нерсе үчүн?”,-деп сурады депутат жыйында.

Вице-мэр Русланбек Акылбеков ага жооп иретинде жол кире акысын жогорулатуу маселесин карап чыгуу керектигин айтты.

“Жогорулатуу керек, бирок акырындык менен. 2012-жылдан бери кымбаттуу боло элек. Киреше таап, паркты жаңылаш үчүн автобустар үчүн реалдуу баа 15,5 сом, маршурткалар үчүн 25 сомдон жогору болуу керек. Эсептер бар”,-деп айтты вице-мэр.

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине коомдук транспорттун баасын 8 сомдон 11 сомго, ал эми маршруткалардын баасын 15 сомго жогорулатуу боюнча токтом долбоорун берди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/vice-mer-marshrutkalardyn-zhol-kiresin-akyryndyk-menen-kymbattatuu-kerek



Добавить комментарий