Жол эрежеси боюнча айыппулдун өлчөмүн 100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунушташууда

24 мая 2019 14:04 3077 7 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште айрым коркунучтуу делип эсептелген жол эрежесин бузууларга айыппулду жогорулатууну сунушташууда. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтуусунда фракция жолдордогу кооптуу абалдарды жөнгө салуу үчүн Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. 

«Биз айыппулдардын көлөмүн азайтууга макул эмеспис. Биз жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазалоо шарттарын күчөтүүнү сунуштайбыз», — дейт эл өкүлү. Фракция 9- жана 10-категориядагы коомго коркунуч келтирген эреже бузуулар үчүн кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.  

Алсак, 9-категорияда физикалык жактар үчүн айыппулдар 500 эсептик көрсөткүчтү түзөт (50 миң сом), юридикалык жактарга — 750 эсептик көрсөткүч (75 миң сом). 10-категорияда физикалык жактарга — 1 000 эсептик көрсөткүч (100 миң сом), юридикалык жактарга — 1 миң 500 эсептик көрсөткүч каралган.

Долбоордо жасалма мамлекеттик номер үчүн айыппул 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин, юридикалык жактарга — 150 миң сомго чейин. Автобейбаштык үчүн 4-категория боюнча эмес, 9-категория боюнча айыппул салуу каралган: физикалык жактарга — 50 миң сом, юридикалык жактарга — 75 миң сом.

Ошондой эле мас абалында, банги заттарынын же башка психотроптук заттардын таасири алдында автоунаа башкарып баратып кармалуулар кайталанган учурларда мүлкүн конфискациялоо менен жазага тартуу дагы сунушталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-erezhesi-boyuncha-ajyppuldun-lchmn-100-mi-somgo-chejin-ktrn-sunushtashuuda



Добавить комментарий

  • Кок меелерго каяктагы 100000сом
  • Урматбек 5 лет назад
    Бакы Торобаевдин мумкунчулугу бар экен,калган карапайым Эл эмнесин толойт...дагы Президенттикке талапкерлигин койуп койот уяты жок ,наадан экен Бакыт Торобаев акчанын кучу менен болуп журот депутат,акча таратпай таза отом десе 3% добуш ала албай😠
  • Элдерди котун сатканга мажбурлайт экенсинерда
  • Элдин кыжырына тийип бүттүңөр..Жакында өзүңдүн көчүгүңдү катаарга жер таппай калып жүрбө.Уятта э гөк мээлер..Башка өнүккөн мамлекетте мынчалык эмес..Кенедей калкты чачыратып бүттүңөр эми калганын канын соруп..сунуш киргизгенден башка мээ жок буларда..Сука кытайлар Алтындарыбызды тонналап алып кетотат кана ошолордун Акчасы ..Казнада акча жок дейсиңер.
  • Сигейин эшшектер оозундарды уйдун а*ындай чоердон мурун элдин социалдык абалын эске алгыла!
  • Кок мээ Бакыт айдаганын 50мин сомдук машина болсо кайдагы 100мин сомдук штраф нервке гана тийип атасынарго
  • Кудай урбадыбы депутат тар 100 мин сом айлык Алса эле карапайым Эдди ойлобой калышабы жетсе тобон булутка кедейликти унутпа